Кыргызстанда жаштар саясатынын 2020-жылга чейинки стратегиясы талкууланат

Жазылуу
Коомдук талкууга ар бир жаран катышып, өз ой-пикирин билдире алат. Алардын сунуштары толук эске алынат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik.  12-августтан тарта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун тобу менен "Кыргызстандагы жаштар саясатынын 2020-жылга чейинки стратегиясы" боюнча коомдук угууларды баштайт. 

ЖК Россияда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууну талкуулоодо
Коомдук талкууга ар бир жаран катышып, өз ой-пикирин билдире алат. Алардын сунуштары толук эске алынат деп аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жыл сайын 12-август Жаштардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Быйыл ал "Жаштардын жарандык катышуусу" деген чакырык алдында өтөт. Жаштардын коомдук иштерге активдүү катышуусу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү. 

Стратегияны талкуулоо аймактарда август айында жана сентябрь айынын башында уюшулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0