Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү автоматташтырылган урналарды колдонууну үйрөнөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоого участкасы. Архив
Шайлоого участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуу жалпы шайлоо процесси жана автоматтык түрдө санаган урналарды колдонуу боюнча эки багытта жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. БШК аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө күздө боло турган шайлоо жөнүндө бир катар окууларда өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоого карата республика боюнча 10 миң оператор атайы окуудан өтөт
Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына дайындалган. Расмий үгүттөө иштери 4-сентябрдан тарта башталат.

Окутуу жалпы шайлоо процесси жана автоматтык түрдө санаган урналарды колдонуу боюнча эки багытта жүргүзүлөт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өкүлдөрү үчүн окуулар 11-14-августта Ош шаарында, ал эми Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 17-20-августта Бишкек шаарында болот.

Окууга өлкө аймагынан 120 талапкер тандап алынган. Окуудан өткөн өкүлдөр аймактык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнө көрүп-билгендерин үйрөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0