Атамбаев менен Бердымухамедов Кытайга өткөрүлө турган газ түтүгүнүн курулушун талкуулашты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбаныгулы Бердымухамедов менен жолугушту.
Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбаныгулы Бердымухамедов менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке алгачкы мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов келди.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбаныгулы Бердымухамедов менен болгон жолугушууда кесиптешинин Кыргызстанга келишине кубанычта экенин билдирип, бир катар маселелерди талкуулоого ниеттенип жатканын белгиледи.

Бердымухамедов шаршемби күнү Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик иш сапары менен келди.

"Биздин чакыруубузду кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Кош келиңиз!" — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Бердымухамедов кесиптешине ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда жылуу мамиле орногонун айтып, эки тараптуу алаканын мындан ары бекемдөө үчүн болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.

"Мен Түркмөнстандын коопсуздук жана энергетика тармагы боюнча демилгелери колдоого алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Алдыда биздин мамлекеттен Кыргызстан аркылуу Кытайга курула турган газ түтүгүн куруу маселеси турат. Колдооңуздар үчүн рахмат", — деди Бердымухамедов.

Президент техникалык жана экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын түзүлүшүн колдой турганын билдирди.

"Мамлекеттердин келечеги кең. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кызматташуу өсөрүнө ишенем. Башкысы – соода жүгүртүүнүн көлөмүнө жогорулатууга басым жасайбыз. Бизди каада-салт жана маданият бириктирип турат", — деп кошумчалады түркмөн президенти.

Бул Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон биринчи мамлекеттик иш сапары. Кыргызстан менен Түркмөнстандын дипломатиялык мамилелери Бишкекте Түркмөнстандын туруктуу өкүлчүлүгү ачылгандан кийин жолго коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0