Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын чогултту

Жазылуу
Жыйынга Чек ара кызматынын, УКМК, Транспорт жана байланыш министрлигинин, Коргоо министрлигинин жетекчиликтери катышууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жыйын чогултканын Sputnik агенттигине өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Баткендеги чек ара чатагынан бир нече адам жаракат алды
Шейшемби күнү Сариев Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылындагы чек ара жаңжалына, ошондой эле Казакстан КРдин ЕАЭБге кошулушу жөнүндө келишимди ратификациялоосуна байланыштуу  кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтоткон 

Жыйынга Чек ара кызматынын, УКМК, Транспорт жана байланыш министрлигинин, Коргоо министрлигинин жетекчиликтери катышууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы жыйындын жыйынтыгы жөнүндө толук маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0