Кыргызстан менен Түркмөнстан коопсуздук маселесин талкуулабайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу учурунда. Архив
Алмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиев эки өлкө ортосунда тышкы коркунучка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселеси талкууланганын, бул үчүн Кыргызстан тийиштүү документтердин баарын даярдап койгонун белгиледи.

БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Алмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусу учурунда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланбай турганын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эрик Бейшембиев билдирди.

Ашхабад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жогорулайт
5-6-августта Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов келет.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Түркмөнстан Афганистан менен чектешкен аймагында "Ислам мамлекетинин" согушчандары көбөйүшүнө байланыштуу аталган аймакта жайгашкан аскерлердин санын көбөйтүп жатканын айтып чыгышкан.

Бейшембиев эки өлкө ортосунда тышкы коркунучка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселеси талкууланганын, бул үчүн Кыргызстан тийиштүү документтердин баарын даярдап койгонун белгиледи.

"Бирок бул маселе боюнча Түркмөнстандын визависи Кыргызстанга келбейт, мындан улам аталган документтерге кол коюлбайт", — деди дипломат.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилеси Бишкекте Түркмөнстандын өкүлчүлүгү ачылгандан кийин түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0