Кадырбек Табышев Талас районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфель. Архивное фото
Портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү экс-аким Райкан Өзүбеков кызматынан алынган, бирок райондун мурунку жетекчиси кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин жарыялады.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Талас районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Кадырбек Табышев дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Талас районунун акими өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин билдирди
Премьер-министр Темир Сариев бүгүн аны ээлеген кызматынан бошотту. Өкмөт башчы буга чейин Өзүбеков эки жума ишке чыкпай, жергиликтүү кеңешинин чогулуш, митингдерин уюштуруп, "саясат менен алектенип" жатканын айткан.

Өзүбеков кызматтан арыз жазып өз ыктыяры менен кеткенин жарыялады. Бирок өкмөт кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлуп жаткан учурда аппаратка бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн билдирди. 

Акимдин милдетин аткаруучу Табышев буга чейин Талас районунун жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0