Талас районунун акими өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин билдирди

© предоставлено Райканом ОзубековымТалас районунун экс-акими Райкан Өзүбеков. Архив
Талас районунун экс-акими Райкан Өзүбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Таластын акими Райкан Өзүбековду кызматтан алуу боюнча буйрукка премьер-министр кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Талас районунун экс-акими Райкан Өзүбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин жарыялады. Анын мындай кадамга барышына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Байыш Жуманазаровдун кысымы себеп болгонун ЖМКларга тараткан билдирүүсүндө өзү белгиледи.

Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акимдерге эс алууга тыюу салынды
Буга чейин Өзүбеков премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен кызматтан алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирген болчу.

Өзүбеков ден соолугуна байланыштуу 6-июлдан бери Бишкекте дарыланып жаткандыгына карабастан, ага карата айтылган жүйөөсүз каралоолор арыз жазуусуна себеп болгонун кошумчалады. 

29-июлда Талас районунун жергиликтүү кеңешинин кошмо жыйыны болуп акимдин алты айлык отчету берилип, депутаттар тарабынан канаттандырарлык деп табылган. Кошмо жыйындан соң Талас районунун он үч айыл өкмөт башчыларынын он бири, эгерде аким кызматтан алынса, алар да иш ташташарын билдиришкен. 

Өзүбеков райондогу көпчүлүк айыл өкмөт башчыларын кызматтарын таштабоого чакырган.

"Райондо бийликтин вакуму түзүлбөсүн, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүү, райондун акими Өзүбеков менен областун жетекчиси Жуманазаровдун тирешүүсүнөн жогору туруш керек", — деп айтылат ал тараткан билдирүүдө. 

Буга чейин Сариев дарыланууда жүргөн акимди кызматтан ала турганын айткан. Өкмөт башчысынын айтымында, Өзүбеков эки жумадан бери ишке чыкпай, бирок жергиликтүү кеңештерди чогултуп жыйын куруп, "саясат менен алектенип" жүргөнүн айткан.

"Талас районунун акими өкмөттүн аймактагы ыйгарымдуу өкүлү болуп эсептелет. Ал жергиликтүү тургундар үчүн шарт түзүп, аймакты өнүктүрүүгө аракет кылыш керек. Мунун ордуна ал митинг уюштуруу менен алектенип жүрөт", — деди Сариев. 

Талас районунун аймагында Жер-Үй кени жайгашкан. Эки жума мурун анын иштетилишине каршы Таласта митинг өтүп, ага 500дөй киши катышкан. Кенди иштетүү укугун россиялык "Восток-Геолдобыча" компаниясы утуп алган. Алтындын кору боюнча Жер-Үй кени республика боюнча экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0