Мырзакматовдун кесилиши боюнча партиясы билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция залы. Архив
Пресс-конференция залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелис Мырзакматовдун партиясы лидерине карата иштер боюнча боюнча бийликке бир нече талаптарды койду.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мелис Мырзакматовго карата чыккан сот өкүмү боюнча кайрылуу тараткан "Улуттар Биримдиги" партиясы муну саясий куугунтук деп баалады.

Кайрылууда партия сот чечими кескин сынга алынып, Мырзакматовго жасалган мындай кадамдар аны парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөйт деп айтылат.

"Улуттар Биримдигинин" шайлоо алдында "Ата Мекен" социалисттик партиясы менен өнөктөштүккө баруусу бийликтин тынчын алып жатат", — деп жазылган кайрылууда.

22-июлда Ош шаардык соту Ош шаарынын мурдагы мэри, "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратуу жөнүндө сыртынан өкүм чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0