Данияр Нарымбаев кызматынан кетип, анын ордуна Темир Жумакадыров келди

Жазылуу
Буга чейин бир катар ЖМКлар президенттик аппараттын жетекчиси экс-депутат Түлеевдин жакындарынан пара алып кармалды деп жазышкан.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка дүйшөмбү күнү Алмазбек Атамбаев кол койду.

"Жогорку Кеңештин депутаты Коркмазовго ачылган кылмыш иши жана ага менин тийиштигимдин бар-жогун иликтөөгө көп убакыттын талап кылынышы шайлоо алдында президенттик аппараттын жетекчисинин өз иш милдеттерин аткарууга жолтоо болот. Мен бул ишке тийиштигим жоктугун билдирем. Мени ээлеген кызматымдан өз каалоом менен бошотууңузду өтүнөм", — деп айтылат Нарымбаевдин арызында.

Нарымбаевдин арызын Атамбаев канааттандырып, аны ээлеген кызматынан бошотту. Президент башка арызы менен Нарымбаевдин ордуна Темир Жумакадыровду президенттин аппаратынын жетекчиси кылып дайындады.

35 жаштагы Жумакадыров буга чейин КР Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеген. Бул кызматка 2015-жылдын февраль айында дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0