Бекешов: парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү мүмкүн

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдануу. Архив
Шайлоого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июндун башында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоону 24-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтүшү мүмкүн деди депутат Дастан Бекешов.

Анын айтымында, бул маселе шейшемби күнү президенттин аппаратында талкууланган.

"Шайлоону 2005-жылдын 4-октябрында өткөрүү боюнча айтылды. Кыязы, президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү боюнча убакытты белгилеген Жарлыкка июлдун аягына кол койсо керек", — деди Бекешов.

Шайлоо учурунда маркировка кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: шайлоо үчүн жабдыктын алгачкы бөлүгү апта соңуна чейин келет
Июндун башында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоону 24-октябрда өткөрүүнү сунуштаган. 

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов июлдун башында президентке ачык кат жолдоп, шайлоону 2015-жылдын 1-ноябрында өткөрүүнү өтүнгөн. Депутаттын пикиринде, шайлоону бир нече күнгө кечирээк жылдыруу аны өткөрүүдө биометрикалык маалыматтар менен автоматташтырылган үкөктөрдү колдонууга даярданып алууга убакыт берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0