Президенттин ШКУ алкагындагы пландалган жолугушууларынын мөөнөтү жылдырылды

© Фотохост БРИКС/ШОС / Медиабанкка өтүүУфада өтүп аткан ШКУ жана БРИКС салтанаттарыю Архив
Уфада өтүп аткан ШКУ жана БРИКС салтанаттарыю Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акаевдин айтымында, Атамбаев Афганистандын президенти менен боло турган жолугушуусун кийинкиге жылдырды.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Атамбаев агасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу ШКУнун саммитине кечирээк баргандыктан, бир катар жолугушуулардын убактысын өзгөрттү. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Уфага агасы жерге берилгенден кийин учуп кетет
Президенттин 64 жаштагы агасы Калыйбек Шаршенов шаршемби күнү кайтыш болгон. 8-июлда кечке жуук ал өзүн жаман сезгендиктен, дарыгерлердин тобу барып, бирок алардын жасаган аракеттерине карабастан, дүйнө салган. Калыйбек Шаршенов бейшемби күнү жерге берилет, ал эми президент Уфага ушул эле күнү кечки саат тогузда учуп кетет. 

Акаевдин айтымында, Атамбаевдин Афганистандын президенти Ашраф Гани менен боло турган бейшембидеги жолугушуусу кийинкиге жылдырылды. 

КР мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин чакырылган мамлекет башчылары менен жолуга турган салтанатка катыша ала тургандыгы  туурасында маселе турат. Жума күнү Атамбаев ШКУнун мамлекет башчыларынын тар жана кеңейтилген чөйрөдөгү отурумуна катышат. Мындан сырткары, Иран президенти Хасан Роухани менен жолугушуусу күтүлүүдө.

ШКУнун саммити 10-июлда Уфа шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0