Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрга дайындоону президентке сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФеликс Шаршенбаевич Кулов - государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс».
Феликс Шаршенбаевич Кулов -  государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс». - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулов шайлоону бир нече күнгө жылдыруунун орчундуу мааниге ээ болбой турганын айтып, бирок бул боюнча соттун чечимин көз жаздымда калтыруу да туура эместигин белгилейт.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрга дайындоо сунушу менен Алмазбек Атамбаевге кат жөнөттү.

Сарпашев: шайлоочулардын жаңы тизмеси 1-сентябрга даяр болот
Анын айтымында, 2000-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосунун биринчи туру 20-февралга ал эми экинчиси 12-мартка туура келген. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды 14-апрелде каттоодон өткөргөн.

2005-жылы кезектеги шайлоо эки тур менен өтүп, депутаттар 22-мартта катталган. Бирок 24-марттагы окуялардын кесепетинен жаңы шайлангандар өз ишине кирише албай, андан мурунку чакырылыш өз мөөнөтүн иштеп бүтпөй калган.

Кулов белгилегендей, 2005-жылдын 24-мартынын түнү мурдагы чакырылыштагы депутаттар алардын ыйгарым укуктары шайлоо болгон күнү эмес, аларды БШК депутат катары каттоого алган күнү – 14-апрелде аякташы керек деп билдиришкен. КРдин Жогорку соту БШКнын 2005-жылдын 22-мартындагы "Депутаттарды Жогорку Кеңешке каттоо жөнүндөгү" токтомун толук жокко чыгарып, депутаттардын билдирүүсүн канааттандырып, алардын конституциялык шайлануу мөөнөтү 2005-жылдын 14-апрелинде бүтүшү керек деп белгилеген.

"Учурдагы парламенттин профилдик комитетинин шайлоо ноябрдын биринчи жекшембисинде болушу керек деген чечимин эске алуу менен, ошондой эле Жогорку соттун конституциялык укук шайлоо болгон күндөн эмес, депутаттардын БШКга катталган убактысына карап белгилениш керек деген токтомуна таянып, шайлоону ноябрь айынын биринчи жекшембисине, башкача айтканда 2015-жылдын 1-ноябрына белгилөөнү сунуштайм", — деп айтылат катта.

Кулов шайлоону бир нече күнгө жылдыруу орчундуу мааниге ээ болбой турганын айтып, бирок бул боюнча соттун чечимин көз жаздымда калтыруу да туура эмес экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0