ЖК депутаттары ЕККУнун Хельсинкидеги парламенттер ассамблеясынын сессиясына катышат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүХельсинки шаары. Архив.
Хельсинки шаары. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУнун 57 катышуучу-мамлекеттери менен биргеликте кыргыз депутаттары үч комитеттин биргелешкен резолюциясын, анын кошумча пункттары менен түзөтүүлөрдү талкууламакчы.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Депутат Роза Акназарова баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы ЕККУнун Парламенттер Ассамблеясынын 5-9-июлда Хельсинки шаарындагы кезектеги сессиясына катышат. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Бул сапар ЕККУнун 57 катышуучу-мамлекеттеринен келген парламентарийлер үч комитеттин биргелешкен резолюциясын, анын кошумча пункттары менен түзөтүүлөрдү талкууламакчы. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК спикери парламенттин беш жылдык иши боюнча маалымат берет
Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин делегациясы ЕККУ ПАнын Саясий, экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө көйгөйлөрү, ошондой эле демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелерди талкуулаган комитетке катышат. 

Депутат Роза Акназарова Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча комитеттин жыйынына, ЕККУнун парламенттер ассамблеясынын Бюросу менен Туруктуу комитетинин жыйындарына кирет.

Кыргыз парламентинин делегациясы ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын ар жылдык сессиясына катышып келет.

Делегациясынын курамында КСДП жана "Ата Мекен" фракциясынын депутатары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0