Судья Сооронкулова депутаттардын экинчи аракети менен иштен алынды

© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КРСооронкулова Клара Сыргакбековна. Архив
Сооронкулова Клара Сыргакбековна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциялык палатанын (КП) соту Клара Сооронкулованы кызматтан кетирүү боюнча комитеттин токтом долбоорун парламент 83 добуш менен колдоду.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Конституциялык палатанын (КП) соту Клара Сооронкулованы кызматтан кетирүү боюнча депутаттар макул деп добуш беришти.

Добуш берүү алдында депутаттар Жылдыз Жолдошова менен Асия Сасыкбаева судья Клара Сооронкулованы чакырып, анын пикирин угууну сунушташты. Бирок спикер Асылбек Жээнбеков бул маселе соттор кеңешинин чечими менен ЖКга жөнөтүлгөндүгүн айтып, макул болгон жок.

"Бул маселе Соттор кеңешинде каралып келип жатат. Биз бар же жок кылышыбыз керек", — деди Жээнбеков. 

Парламент дүйшөмбү күнкү кезексиз жыйынында президенттин Сооронкулованы кызматтан мөөнөтсүз бошотуу сунушун колдогон жок. Талап кылынган 80 добуштун ордуна Сооронкулованы кызматынан бошотууга депутаттардын 77си гана макул болгон. Экинчи ирет добуш берүүдө 75 эл өкүлү макулдугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0