Базарбаев: Кыргызстан БУУ институттары менен тыгыз кызматташууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНью-Йорктогу БУУнун мекемеси. Архив
Нью-Йорктогу БУУнун мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Майыптардын укугу жөнүндө конвенциянын алкагында саясатты ишке ашырып келет.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев ПРООНдун мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча адиси Томислав Новович менен жолугушканын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда социалдык коргоо жаатында БУУ институттарынын колдоосун күчөтүү жол-жоболору талкууланды.

"Менин негизги милдетим БУУ институттары менен КРдин министрликтеринин жана мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун иштеп чыгууга багытталган. Бул багытта биринчи кезекте Социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүү, келечекте ишке аша турган пландар дыкат каралып чыгышы керек", — деди Новович. 

Базарбаев өз кезегинде мекеме ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Майыптардын укугу жөнүндө конвенциянын алкагында саясат ишке ашырып келерин белгиледи.

"Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча ЮНИСЕФ менен иш алып барсак, балдар эмгегин пайдаланууга каршы туруу жана майып адамдарды жумушка орноштуруу боюнча эл аралык эмгек уюму менен иштешебиз. БУУ-аялдар институту менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын ордун жогорулатуу жана эрте жаштагы никеге каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзөбүз", — деди министр.

Базарбаев министрлик социалдык багыт боюнча БУУнун институттары менен тыгыз кызматташарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0