Атамбаев менен Путин Санкт-Петербургда жолугушат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев жана РФ президенти Владимир Путин. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Петербургда өтө турган эл аралык экономикалык форумга катышат.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 18-20-июнь күндөрү Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаевдин Петербург шаарында өтө турган эл аралык экономикалык форумга катышат.

Иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0