Спикер Жээнбековду Минскиге иш сапары менен келип кетүүгө чакырышты

Жазылуу
Жээнбеков Казакстандагы иш сапарынын маалында Белоруссиянын Улуттук жыйынында тийиштүү документти ратификациялоону тездетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 16-июнь – Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-июнда Казакстандагы иш сапарында Белоруссиянын Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолукту. Ал спикер Жээнбековду Белоруссияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар мамлекеттер ортосундагы мамилени чыңдоого байланышкан артыкчылыктуу багыттардын тегерегинде пикир алышты.

Жээнбеков сөзүнүн башында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу процессинде колдоо көрсөткөнү үчүн Белоруссия тарапка ыраазычылыгын билдирди. 

"ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлушу менен Кыргызстандын аталган биримдиктеги өлкөлөр, анын ичинде Белоруссия менен соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине жана тереңдешине кеңири жол ачылат. ЕАЭБдеги биргелешкен аракеттер эки тараптуу өз ара байланышка оң таасирин тийгизерине үмүт артам", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков Белоруссиянын Улуттук жыйынында тийиштүү документти ратификациялоону тездетүүгө чакырды. 

Андрейченко Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча келишимди ратификациялоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты. 

"Биз Кыргызстандын аталган биримдикке кошулушун колдойбуз. Жакын арада карап, келишимди ратификациялоого аракет кылабыз",— деди Андрейченко. 

Сөзүнүн акырында Андрейченко төрага Жээнбековду Белоруссияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0