Акыйкатчы аны кызматынан бошотуу боюнча маселеде комиссиянын оң чечимине үмүт артат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПортфель кармаган киши. Архив
Портфель кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш 10-июнда өлкөнүн акыйкатчысынын 2014-жыл боюнча баяндамасын жактырган жок.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Омбудсмен Бактыбек Аманбаев өзүн иштен бошотуу боюнча атайын комиссиянын чечимине үмүт артып турат.

Акыйкатчы иститутунун маалымат кызматынан Аманбаев жамаатына жыйналыш өткөргөндүгүн жана Жогорку Кеңеш анын 2014-жылга болгон баяндамасын парламент жактырбаганын айтканы туурасында кабарлашты. 

Мыйзамга ылайык, эми Акыйкатчынын мөөнөтүнөн мурда бошотууга негиз бар же жоктугун ЖКнын атайын депутаттык комиссиясы аныктайт. 

Акыйкатчы депутаттардын бир бөлүгү Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин акыйкатчынын 2014-жыл үчүн жасаган баяндамасын колдобоо туурасында бүтүмүн кабыл алган.

"Акыйкатчы институнун жамааты атайын түзүлгөн комиссия негиздүү жыйынтык чыгарып, бул иш боюнча объективдүү жана калыс чечим чыгарат деген үмөттөбүз", — деди ал.

Аманбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, түзүмдүк бөлүмдөрүнө, аймактык өкүлчүлүктөргө жарым жылдык баяндама даярдоого өз учурунда киришүүгө тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0