Атамбаев: өлкө мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген парламентке муктаж

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИтоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева
Итоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Бишкек шаарында өтүп жаткан "Парламенттик демократияны өнүктүрүү: сабактар жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Парламентаризм боюнча эл аралык конференцияда сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев, өлкө азыр парламентке мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген, элдин тагдыры үчүн күйүп-бышкан чыныгы кесипкөй мекенчилдердин шайланып келишине муктаждыгын билдирди.

Президент дүйнөлүк парламентаризмдин пайдубалы болуп эсептелген негизги принциптер Кыргызстандын тарыхында эзелтен эле болгондугун айтты. Ага кошумча Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүүсү жеңил эмес болуп жаткандыгын билдирди.

"2010-жылдагы кабыл алынган Конституция жана Апрель революциясы Кыргызстандын кайра жаралуусуна, бийлик системасынын толук өзгөрүүсүнө жол ачты", — деди президент конференцияда сүйлөп жатып. 

Атамбаев күздө боло турган Кыргызстандагы парламенттик шайлоого токтолуп, жаңы Жогорку Кеңеш парламентаризмди өнүктүрүүдө тандаган жолунан тайбашы керек деген пикирин айтты.

"Парламент калктын түрдүү катмарынын кызыкчылыгын коргоп, элдин эркин билдирип турушу зарыл. Өлкөбүз азыр мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билген, өлкөнүн, элдин тагдыры үчүн күйүп-бышкан чыныгы кесипкөй-мекенчилдердин парламентке шайланып келишине муктаж. Мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ар бир кадамын терең талдап, жоопкерчилик менен мамиле кылган депутаттар келиши керек", — деди мамлекет башчысы.

Ал саясий партияларга парламенттик шайлоодо өлкө тынчтыгын жана элдин биримдигин өз кызыкчылыгынан жогору коюшса деген кайрылуусун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0