Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Робин Орд-Смит болду

© пресс-служба МИД КРУлуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Робин Орд-Смит болду, ал ишеним грамотасынын көчүрмөсүн КР тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаевге тапшырды.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Робин Орд-Смит болду, ал ишеним грамотасынын көчүрмөсүн КР тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаевге тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дайындалган элчи ишеним грамотасынын көчүрмөсүн КР тышкы иштер министринин орун басарына тапшырды.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Робин Орд-Смит болду, ал ишеним грамотасынын көчүрмөсүн КР тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаевге тапшырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Портфель чиновника. Архивная фото - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Отунбаеванын иниси элчилик кызматтан бошотулду
Оторбаев дипломатиялык миссиянын жетекчисин куттуктап, Робин Орд-Смит Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилени жакшыртууга салым кошоруна ишене турганын баса белгиледи.

Жолугушуу маалында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстанга 2011-жылдын декабрь айында ачылган. Биринчи элчи болуп Жудит Фарнворт иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0