Премьер табигый кырсык учурларында акимдерге тойдо отурганга тыюу салды

© пресс-служба МЧС КРКыян. Архив
Кыян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев табигый кырсык учурларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылган фактылар болсо, райондун акимдерин жазалоону тапшырды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Райондун акимдери табигый кырсык учурларында жана алардан кийинки мезгилде тойлоп жүрбөшү керек деди премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн отурумунда.

Отурумда жазгы суу кирип, сел жүрүп турган мезгилде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси каралды.

"Чынында эле табигый кырсыкпы же жөн гана бирөөнүн шалаакылыгыбы, губернаторлор текшериши керек. Мындай окуялар учурунда акимдер иштеп жатабы же тойлоп жүрүшөбү, муну да текшерүү керек. Мындай талаптарды койбосок, тартип болбойт", — деди Сариев

Өкмөт башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мындай мамилелер болуп жатканы аныкталса, аларга карата чара көрүлө турганын баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0