Мамлекеттик мүлк фонду Улуттук холдинг компаниясына айланат

Жазылуу
Вице-премьер-министр Мамлекеттик мүлк фондун реформалоону мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен талкуулады. Реформанын максаты - мамлекеттик мүлктү башкаруу процесстеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, тармактык ведомстволордун мамлекеттик мүлктү башкарууга катышуу принциптерин жана тартибин орнотуу.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик мүлк фондун Улуттук холдинг компаниясына айлантып кайра түзүүнү чечкендиги туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Валерий Диль КРдин болочоктогу инвестициялык долбоорлору туурасында айтып берди
Вице-премьер-министр Валерий Диль бейшембиде Мамлекеттик мүлк фондун реформалоо маселелерин мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен талкуулады.  Реформанын максаты — мамлекеттик мүлктү башкаруу процесстеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, тармактык ведомстволордун мамлекеттик мүлктү башкарууга катышуу принциптерин жана тартибин орнотуу, аталган мүлктү натыйжалуу башкара турган түзүмдү жаратуу.

Кеңешмеде реформалоонун үч варинаты сунушталды. Биринчиси — улуттук холдинг компаниясы; экинчиси — мамлекеттик башкаруучу компания; үчүнчүсү мамлекеттик мүлктү башкаруунун мамлекеттик фонду. 

Талкуунун жыйынтыктары боюнча улуттук холдинг компаниясын түзүү варианты жактырылды. Анын карамагына мамлекеттик активдер акырындык менен белгиленген тартипте өткөрүп берилмекчи. Улуттук холдинг компаниясын түзүү боюнча тийиштүү концепцияны иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0