Парламент бүгүн жаңы премьердин талапкерлигин карайт

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку кенеш. Архивное фото
Жогорку кенеш. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн түштөн кийин ЖК жаңы өкмөт башчыны бекитиши мүмкүн. Азырынча парламенттеги коалициялык көпчүлүк Темир Сариевдин талапкерлигине токтолду.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн парламент премьр-министрдин талапкерлигин карай тургандыгын Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков пленардык жыйында айтты.

"Бүгүн түштөн кийин өкмөттүн маселесин карайбыз. Күн тартибине кирген кээ бир маселелер каралбай калышы мүмкүн", — деди спикер.

Буга чейин Феликс Кулов Sputnik сайтына Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Темир Сариевдин талапкерлигин премьер-министрликке сунуштаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0