Кулов: коалициялык көпчүлүк Сариевдин талапкерлигин премьерликке сунуштады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүФеликс Кулов. Архивное фото
Феликс Кулов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдогон болчу.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Темир Сариевдин талапкерлигин премьер-министрликке сунуштаганын коалициянын жетекчиси Феликс Кулов Sputnik сайтына билдирди. 

Жоомарт Оторбаев өз ыктыяры менен премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызын берген, анын өтүнүчүн өлкө башчы канааттандырган.

"Мен бир нерсени гана айта алам – Сариевдин талапкерлигин коалиция сунуштады", — деди Кулов.

Эксперт: Сариев азыр премьер болсо, бул орунду шайлоодон кийин да ээлеши мүмкүн
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдогонун фракциянын депутаты Сайдулла Нышанов Sputnik сайтына билдирип, эртең башка фракциялар дагы Сариевдин талапкерлигин жактыргандан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алынып чыга турганын маалымдаган.

Өкмөт башчыны Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк тандайт. Анын катарына КСДП, "Ар-Намыс"жана "Ата Мекен" фракциялары кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0