Экс-депутаттын уулу президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары Улукбек Марипов
Президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарын дайындады.

БИШКЕК, 29-апр — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илмиянов, балким, КСДПнын шайлоо алдындагы штабын жетектейт
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызына президент Алмазбек Атамбаев бир нече күндөн кийин, 27-апрелде кол койгон.

Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов кезегинде ЖКнын Эл өкүлдөр палатасынын, кийин (2005 — жылы) ЖКнын бир палаталуу парламентинин депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0