Экономика министринин жаңы орун басары болуп Данияр Иманалиев дайындалды

Жазылуу
Министрдин мурдагы орун басары Данил Ибраев премьер-МИНИСТРДИН буйругу менен 2015-жылдын 8-апрелинде кызматынан бошотулган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Экономика министринин жаңы орун басары болуп Данияр Иманалиев дайындалганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрдин мурдагы орун басары Данил Ибраев премьер-министрдин буйругу менен 2015-жылдын 8-апрелинде кызматынан бошотулган. Ал Евразиялык экономикалык комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. Дүйшөмбү күнү экономика министри Темир Сариев жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Иманалиев буга чейин өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика тармагынын бөлүм башчысы болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0