Атамбаев Назарбаевди кайтадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев. Архив
Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 97 пайыздан ашык добушун алды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Атамбаев Назарбаевди Казакстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Шайлоодо 97 пайыздан ашуун добуш алган Назарбаев элге ыраазчылыгын айтты
Жекшемби күнү, 26-апрелде Казакстанда президенттик шайлоо өтүп, Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 97 пайыздан ашык добушун алган. Бул ирет президенттик шайлоого үч талапкар катышкан. Алар: Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Кесиптик кошуундар федерациясынын президенти Абелгази Кусаинов жана Коммунисттер элдик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Тургун Сыздыков. 

Атамбаев Назарбаевди ишенимдүү жеңиши менен жана анын мамлекетке жасаган эмгегин Казакстандын эли жогору баалагандыгын бул шайлоо дагы бир ирет тастыктаганын билдирди.

"Мындан ары да биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрөбүз деп ишенем", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келет. Бул анын төртүнчү жолу шайланышы. 2011-жылкы шайлоодо Назарбаев шайлоочулардын 95 пайыз добушун алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0