Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо өтүүдө

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүКазакстанда мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо өттүдө
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо өттүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда болуп жаткан президенттик шайлоого өлкөнүн учурдагы ажосу баш болгон үч талапкер катышып жатат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Казакстанда президенттик шайлоо башталды. Ага азыркы мамлекет башчы, "Нур Отан" партиясы көрсөткөн талапкер Нурсултан Назарбаев, Коммунисттик элдик партиядан Тургун Сыздыков, Кесиптер кошуундар Федерациясынын төрагасы Абелгази Кусаинов катышып жатышат. 

Казакстандыктар өлкө лидерин келерки жылы тандашы керек эле, бирок, "коомчулуктун, бир канча уюмдардын өтүнүчү менен" 2016-жылы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Алардын айтымында, буга дүйнөдөгү оор эконономикалык абал себеп болгон.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президентикке талапкер болгон жогорудагы үч талапкерин каттоодон өткөргөн. 

Талапкерлердин бараандуусу Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан, өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта башкарып келе жатат. Бул анын төртүнчү мөөнөтү. Акыркы шайлоо 2011-жылы өтүп, ал шайлоочулардын 95 пайыздан ашык добушун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0