Лорд Кланвильям: Centerra Gold Inc. ишканасынын учурдагы иши канааттандырбайт

© Sputnik / Диля РодионоваЛорд Кланвильям: Centerra Gold Inc. ишканасынын учурдагы иши канааттандырбайт
Лорд Кланвильям: Centerra Gold Inc. ишканасынын учурдагы иши канааттандырбайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. ишканасынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан бир нече чет элдик кишини мүчөлүккө сунуштаган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кумтөр кенин иштетүүгө жоопкерчиликтүү болгон Centerra Gold Inc. компаниясынын учурдагы иши канааттандырарлык эместигин директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкер болгон Лорд Падрик Кланвильям маалымат жыйында билдирди.

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан бир нече чет элдик кишини мүчөлүккө сунуштаган.

Кланвильямдын айтымында, аларга Centerra компаниясынын миноритардык акционерлери "компаниянын иши ойдогудай болбой жатат" деп кайрылган.

"Компаниянын учурдагы абалын жөнгө салуу үчүн, көз карандысыз эксперт, көп жылдык тажрыйбасы бар адис катары чакырылдык. Биздин тоо кен компаниясын башкаруу боюнча тажрыйбабыз бар", — деди ал.

Кланвильям ошондой эле, азыркы тапта Centerra Gold Inc. компаниясындагы абалды чечүү үчүн планы жок экенин кошумчалады.

"Азыр биз "Кыргызалтын" ААКтын оюн билүүгө кызыктарбыз. Кендин өзүн барып көрүүгө абдан кызыктармын, бирок, Centerra бизге андай мүмкүнчүлүк берген жок. Мындай кадам тынчсызданууну жаратат", — деди ал.

Тажрыйбалуу адис катары чакырылгандар компанияны жана анын активдерин башкаруу боюнча алардын кызыктырган суроолор бар экенин айтты.

"Кенге талап кылынгандай жетиштүү көңүл бурушкан жок", — деди директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкер.

Премьер: Акционерлер Центерранын менеджменти иштебейт деп эсептешет
10-апрелде Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенин иштетүү боюнча канадалык компания менен биргелешкен ишкана түзүүдөн же аны улутташтыруудан баш тартуу керектигин айтып, учурда шартты калтырып, болгону Кыргызстандын пайдасы үчүн компаниянын менеджментин толугу менен алмаштырууну сунуштаган.

Көпчүлүк коалициядагы эки фракция – КСДП менен "Ар-Намыс" өкмөттүн сунушун карап, ишкананы улутташтыруудан баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0