Оторбаевдин отставкага кетүү жөнүндөгү арызы президентке келе элек

© Фото / Уланбек АсаналиевЖанар Акаев
Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Конституциясынын 87-беренесине ылайык, өкмөт башчынын отставкага кетүү боюнча арызына президент кол коет.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүү боюнча арызы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге келип түшө электигин президенттин катчысы Жанар Акаев Twitterдеги баракчасына жазды.

Өкмөттүн 2014-жылы жасаган ишин Жогорку Кеңеш канааттандыраарлык деп баалагандан кийин, Жоомарт Оторбаев өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканын билдирди.

КР Конституциясынын 87-беренесине ылайык, өкмөт башчынын отставкага кетүү боюнча арызына президент кол коет.


Жаңылыктар түрмөгү
0