Булак: Сарпашев премьер-министрдин милдетин аткарат

Жазылуу
Sputnik агенттигинин маектешинин айтымында, Оторбаев жаңы өкмөт башчысы дайындалганга чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуу ниети жок.

БИШКЕК, 23 апр — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев премьер-министрдин милдетин аткара тургандыгын Sputnik кабарчысына өкмөттүк аппаратынан маалымат булагы билдирди.

Шаршембиде парламенттин отурумунда 2014-жылда өкмөттүн иши боюнча отчёт бергенден кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзүнүн отставкага кете тургандыгын билдирди.

Агенттиктин маектешинин айтымында, Оторбаев жаңы өкмөт башчысы дайындалганга чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуу ниети жок. 

"Отставкага чыгаруу жөнүндө сураныч президентке бүгүн же эртең жиберилет. Ал эми премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер Сарпашев убактылуу аткарат", — деп айтышты өкмөттүн аппаратынан. 

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Оторбаевдин кетиши күзүндөгү шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн
Оторбаев өкмөттү өткөн жылдын 4-апрелинен тартып жетектеген.

Конституцияга ылайык, өкмөттүн жана премьер-министрдин отставкасын Кыргызстандын президенти кабыл алып же четке кагат. Өкмөт отставкага кеткен учурда ал жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0