Мурдагы транспорт министри кызматтан кетүү себебин түшүндүрдү

Жазылуу
Экс-министр анын отставкасы эч кандай саясатка байланыштуу эместигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Транспорт жана байланыш министрлигинин мурдагы жетекчиси Калыкбек Султанов эмне себептен кызматтан кеткенин түшүндүрдү деп билдирет  министрликтин маалымат кызматы.

Калыкбек Султанов министр кызматынан бошотулду
Шейшемби күнү ал кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз берип, мамлекет башчы ошол эле күнү анын арызын канааттандырган.

Экс-министр иштен кетип жатканын жамаатка билдирип, буга эч кандай саясат себеп болбогонун, мындай чечимди үй-бүлөсү менен кеңешип кабыл алынганын айткан.

Президенттин атынан аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-министрдин жасаган ишине ыраазычылык билдирип, атайын саат белек кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0