Калыкбек Султанов министр кызматынан бошотулду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалыкбек Султанов президент Алмазбек Атамбаевдын ишбөлмөсүндө. Архив
Калыкбек Султанов президент Алмазбек Атамбаевдын ишбөлмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министри Султанов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз берген.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановдун арызын президент Алмазбек Атамбаев канааттандырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Султанов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча 21-апрелде арызын берген.

Буйрук кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Султанов министр болуп 2011-жылдын декабрь айында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0