Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан ЕКПАнын колдоосун өтүндү

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев. Архив
Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты тынч жүргөн жарандардын канына забын болгон Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү кылмыш жообуна тартылып, жазасын алышы керектигин билдирип, бул маселе боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын жардам берүүсүн суранды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына кайрылганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жетектеген делегация Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышууда.

Жыйында депутат Каныбек Иманалиев сүйлөп, апрель окуяларына туура беш жыл толгонун эске салды.

"Бакиевдер тынч митингге чыккан адамдарды атууга буйрук беришкен. Бул окуя алардын кандуу режиминин жеткен чеги болчу. Ал күнү тынч жүргөн жарандар атып өлтүрүлгөн. 120 киши окко учуп, 1 миңден ашуун адам жарадар болгон. Президент Бакиев, Мамлекеттик сакчы кызматын жетектеген анын бир тууганы Жаныш, улуу баласы Марат өлкөдөн качып кетишкен", — деди Иманалиев.

Ал ошондой эле, авторитардык башкаруу учурунда Бакиевдерге жакпаган адамдар опузага кабылып, майып болуп, өлкөдө бир топ депутаттар, ишкерлер жана журналисттер киши колдуу болгонуна көңүл бурду.

Бакиевдер жана алардын коштоочулары бир катар Европа мамлекеттеринде баш паанек тапканын, анын айрым жакындары Улуу Британияда турарын билдирген депутат, ЕКПАны Бакиевдерди экстрадициялоодо Кыргызстанды колдоого үндөдү.

"Кыргызстандын тынч жүргөн жарандарынын канына забын болгон Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү кылмыш жообуна тартылып, жазасын алышы керек. Силердин жигердүү жекече көмөгүңөр менен адилеттикти калыбына келтирүү колубуздан келет", — деди Иманалиев.

Курманбек Бакиев агасы Жанибек Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Анапияевди өлтүргөн Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча Лукашенкого кайрылды
Март айынын башында Алмазбек Атамбаев жана Тышкы иштер министрлиги Беларусь бийлигинин дарегине бир катар катуу сөздөрдү айтып, Минск жана Кишенев конвенцияларына ылайык, Бакиевдерди экстрадициялоого чакырган. Кыргызстандын аймагынан жасаган оор кылмыштары үчүн соттолгон Жаныш Бакиев жана башка жарандар эл аралык издөөдө жүргөнүнө карабастан, Белоруссиянын аймагында ээн-эркин жашап жатышы кыргыз тарапты тынчсыздандырат дешкен болчу.

Буга жооп кылган, Белоруссиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жетекчилиги ал өлкөнүн дарегине кемсинтип айткан сөздөрүнө комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0