"Кыргызтелекомдун" башкармалыгынын төрагасы кызматтан кетти

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүпортфель. Архив
портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айынын башында "Кыргызтелеком" ААКтын үч вице-президенти компаниянын директорлор кеңеши менен пикир келишпестиктен иш орундарынан кеткен.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кадыркулов кызматынан кетти. Өз эрки менен ишинен кетүү жөнүндө арызды ал бүгүн эртең менен бергенин компаниядан билдиришти.

Апрель айынын башында "Кыргызтелеком" ААКтын үч вице-президенти компаниянын директорлор кеңеши менен пикир келишпестиктен иш орундарынан кеткен.

Кадыркулов эмне себептен кызматтан кеткени азырынча белгисиз.

24-апрелде "Кыргызтелеком" ААКтын акционерлер кеңешинин жылдык чогулушу белгиленген. Күн тартибине директорлор кеңешинин жаңы төрагасын тандоо коюлду.

"Кыргызтелеком" ААК республиканы телефон байланышы, теле-радиоберүү, интернет жана башка байланыш кызматтары менен камсыз кылат. Акционердик коомдун 90 пайыздан ашык акциясы мамлекетке таандык. Компаниянын беш кишиден турган башкармалыгы акционерлердин жалпы жыйынында шайланат. Ушундай эле жол менен директорлор кеңеши да дайындалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0