Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери Москвада жолукту

© Sputnik / Vladimir Pesnya / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министри Эльвира Сариева Россиянын билим берүү министри Дмитрий Ливанов менен жолугуп, ЕАЭБдин алкагында билим берүү боюнча кызматташуу маселесин талкуулашты.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери жолукканын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү министри Элвира Сариева Россиянын билим берүү министри Дмитрий Ливанов менен жолугуп, ЕАЭБдин алкагында билим берүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Андан сырткары, жолугушууда мектепке чейинки билим берүү жана окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0