Атамбаев Жирковго "Манас" эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Жирковго "Манас" эпосун жыйылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди
Атамбаев Жирковго Манас эпосун жыйылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы "Манас" эпосун, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын кеңири жайылтуу ишине кошкон салымы үчүн Александр Жирковго ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына караштуу Саха Республикасынын (Якутия) мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) төрагасы, "Дүйнө элдеринин эпостору" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алып, ага "Даңк" медалын тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Александр Жирковго "Манас" эпосун, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын кеңири жайылтуу ишине, мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун ысмын түбөлүккө калтырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Александр Жирков Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки тараптуу байланыштарды жандандырууда жана тереңдетүүдө биргелешкен ишти улантуунун маанисин баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0