Активисттер Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык мамилесин чектөөнү сунушташты

© AFP / LAURIE DIEFFEMBACQАКШнын желеги бар кекс. Архив
АКШнын желеги бар кекс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адил Кыргыз АКШ элчилиги Кыргызстанды Борбор Азия аймагында чалгындоо жай катары колдонушу мүмкүн деген шек жаралып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Америка кошмо штаттары менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелелерин чектөө керек деп билдирди маалымат жыйынында "Баатыр Ордо" бирикмесинин төрагасы Адил Кыргыз.

Буга чейин "Дело№…" гезити Украинанын "Авиалинии Антонова" авиакомпаниясынын Ан-124 учагы март айынын аягында "Манас" аба майданына эки жолу конуп, жүк алып келгенин жазып чыккан. Дипломатиялык почта деген статусу болгондуктан, аларды текшерүүгө болбойт. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келди делинген 152 тонна жүк тууралуу маалыматка комментарий бербей турганын элчиликтин маалымат кызматы белгилеп, бирок, кийин ал жүк элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн ташылып келинген курулуш материалдары деп билдирген.

Активисттин айтымында, өлкө өзүнүн сырткы саясатында багытын аныктап, стратегиялык өнөктөш катары Россияга бет алды. Адил Кыргыздын айтымында, Россияга салынган санкциялар Кыргызстандын экономикасын да алсыратып, улуттук валютаны 30 пайызга арзандатты.

"Биздин президент саясий эркин көрсөтүп, Афганистандан апийим ташуу маселеси чыгып жаткан Ганси базасы боюнча АКШ менен макулдашууну жокко чыгарууга салымын кошту ", — деп айтты ал.

Анын пикиринде, учурда АКШ элчилигинин Кыргызстанда болушу чоң кооптуулук жаратып турат.

"Элчиликтин жаңы имараты 145 миллион долларга бааланып, тогуз курулуш түшөт экен. Эмне үчүн мындай кымбат деген деген суроо пайда болот. Айталган каражатка 67 үй курса болот. Бул абдан көп. Ал жүктүн арты менен биздин өлкөгө чалгындоочу каражаттар келип жатат деп ойлоп жатабыз "— деди Кыргыз.

Ал Украианадагы Майдан АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан колдонулгандыгы жашыруун эместигин айтып, андыктан, дипломатиялык деген мүнөздөгү жүккө Кыргызстандын мамлекеттик органдары кыраакылык менен мамиле кылышы туурасында айтты. Коомдук бирикмелер парламентке бул жүктөрдү кароо үчүн анын статусун аныктап берүүнү сунуштап жатат.

"Биздин Россия менен өнөктөштүк мамилебизди колдоп жатып, Кыргызстан АКШ менен болгон дипломатиялык мамилесин чектеши керек деп ойлойбуз. АКШ элчилиги Кыргызстанды Борборазия аймагындагы чалгындоо жай катары колдонушу мүмкүн деген шек жаралып жатат", — деп эсептээрин айтты ал.

Аны менен катар эле активист Мамлекеттик департамент бейөкмөт уюмдардын тармагы аркылуу, ага кошумча мамлекеттик органдар менен кызматташып, "мыкты иштегендигин" билдирди. Активист мындан сырткары мурдагы элчи Памела Спратлендин Өзбекстанга которулуп, ал эми Кыргызстанга ЖМКлар "түстүү ыңкылаптардын генийи" деп атап келген Ричард Майлздын Кыргызстанга элчинин милдетин убактылуу аткаруу үчүн келгендиги аны күмөн санатып жаткандыгын кошумчалады.

Майлз Азербайжан, Белград жана Болгарияда элчилик кызматтарда иштеген. Ал 2003-жылдын ноябрында Грузияда "роза ыңкылабы" деп аталган төңкөрүш учурунда АКШнын Грузиядагы элчиси болуп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0