Спикер Жээнбеков депутат Жээнбековго чагымчылдык кылса, өлкөдөн куулуп кетерин эскертти

© Фото / пресс-служба ЖК КРСпикер Жээнбеков депутат Жээнбековго чагымчылдык кылса, өлкөдөн куулуп кетээрин эскертти
Спикер Жээнбеков депутат Жээнбековго чагымчылдык кылса, өлкөдөн куулуп кетээрин эскертти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы депутат Равшан Жээнбековго Кыргызстанда Украинадагыдай окуяга жол берилбестигин жана чагымчылдыгы үчүн өлкөдөн айдалып кетиши мүмкүн экендигин кулак кагыш кылды.
ЖК спикери оппозициячыл депутатка эскертүү берди

БИШКЕК, 16-апр. – Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков оппозициянын Жалал-Абаддагы өзү туурасында айтылган маалыматтары боюнча түшүндүрмө берип жатып, оппозициячыл депутат Равшан Жээнбековго улут арасында чагымчылык кылгандыгы үчүн айтыптады. 

"Эмне үчүн сиз баскан жерде чөп өспөйт деп айттым. Украинага барып келдиңиз эле, чөп чыкпай жатат. Азыркы сөздөрүңүз менен да Кыргызстанда ошондой болушун каалап жатасыз. Болбойт! Болтурбайбыз, керек болсо силерге окшогондорду айдап чыгабыз. Элдин мээнети менен келгендерди саткандардын бири — сизсиз… Фактылар турат, ушунча болуп калды, бүгүн журналисттерге ошол кагаздарды берем. Бизге тынчтык керек. Кимдин ким экенин эл билиши керек", — деди спикер Жээнбеков. 

Парламенттин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар чагымчыл аракеттерге барбаш керектиги жөнүндө да айтышты. Ал эми президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев Равшан Жээнбековго депутаттык мандатты сыйлаш керектигин белгилеп, бөлүп-жаруучулукка жол бербөөгө чакырды.

"Улуттар маселесин коюп алып, чагымчыл сөздөрдү сүйлөп, эл арасында бүдөмүк ойлорду жаратып, өткөндө да ушул максатта сүйлөдү эле, азыр да кайталап жатат, мунусу туура эмес. Мен сизди эл бузар катары ойлойм жана кабыл алам", — деди Абдылдаев.

ЖКнын 16-апрелдеги жыйынында төрага Жээнбеков жалган маалыматты айткандыгы үчүн Ош облустук жана шаардык ИИБ нын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровду сотко бере тургандыгын жана аны уккан депутат Равшан Жээнбеков күбө катары өтө тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0