"Болочок консул" Кудаяров: гректердин бизге окшоп кечигип келмей адаты бар

© Фото / Айгуль Ниязалиева"Болочок консул" Кудаяров: гректердин бизге окшоп кечигип келмей адаты бар
Болочок консул Кудаяров: гректердин бизге окшоп кечигип келмей адаты бар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ММЭМИнин студенти, КРдин жараны Уланбек Кудаяров Грециянын инвестицияларды жана туристтерди тартуу боюнча зор тажрыйбасы Кыргызстанга ашыктык кылбайт эле деп эсептейт.

Кыргызстандык Уланбек Кудаяров Грециянын премьер-министри Алексис Ципрасты грек тилин мыкты билгендиги жана өзүнүн берген суроолору менен таң калтырды. Ципрастин Россиядагы расмий сапарынын алкагында ММЭМИде кыска жолугушуу учурунда аталган окуу жайынын студентин грек премьери Кыргызстандын консулдук кызматына чакырды. Sputnik менен маегинде Кудаяров өз жашоосу жана болочок пландары туурасында айтып берди.

— Грециянын өкмөт башчысына кайрылууда кандай сезимдер пайда болду?

— Чынын айтсам, бир аз толкундандым, кантсе да, алдымда премьер-министр Ципрас өзү турган да. Ал тургай, суроо бергим да келбей кетти, бирок мугалимим макул кылды. 

— Премьер Алексис Ципрастин консулдукту жетектөө сунушуна кандай карадыңыз?

— Кеп мындай бурулуп кетерин күткөн эмесмин, албетте, консулдукту жетектөө мен үчүн кубаныч болот. Мындай сунушту акташ үчүн аракет кылып, жакшы окуп жана өз өлкөмдүн жыргалчылыгы үчүн иштейм. Мен ага ыраазычылык билдиргим келет – ал грек тилин билгеним боюнча күмөн саноолорумду жокко чыгарды.

— Кыргызстанга кайрылсам деген оюңуз барбы?

— Сөзсүз кайтып келем. Мүмкүн магистратурага өтүп кетермин, бирок кайтып келүүгө мен милдеттүүмүн. 

— Ким болуп иштегиңиз келет?

— Азырынча өз келечегимди КРдин Тышкы иштер министрлигинен көрөм, албетте, эгер мени ал жакка ишке алышса. 

— Кыргызстан менен Грециянын окшош жагы көппү?

— Абдан көп. Аларда биздей эле мамлекеттин саясий түзүмү абдан өнүккөн, көп партиялуу система бар жана демократиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. 

Грециянын инвестицияларды жана туристтерди тартуу боюнча зор тажрыйбасы Кыргызстанга ашыктык кылбайт эле. Ал тургай, мен грек инвесторлору менен турфирмаларына биздин Ысык-Көлгө көңүл бурууну сунуштайт элем. 

Азыр, тилекке каршы, буларда экономикалык каатчылык жүрүп жатат, ошон үчүн көпчүлүк эксперттер Грецияда дефолт болот деп айтууда. Бирок Грециянын азыркы тарыхына карасак, алар абдан кайраттуу эл, тагдырдын бардык оош-кыйыштарын жеңип кете алат. 

Калкы болсо чынында бизге окшош. Анан калса, алардын да кыргыздарга окшоп кечиге бермей адаты бар. 

— ММЭМИге кантип туш болуп калдыңыз жана эмне үчүн дал ушул адистикти тандагансыз?

— Адистикти тандоого көп баш ооруткан жокмун: аталаш бир тууганым ушул эл аралык мамилелер факультетин танда деп кеп-кеңешин берди. Бирок окуу жайын тандоодо жакшылап ойлонууга туура келди. 

Мен Томскидеги архитектуралык университетке жана БААУнун ICP программасына да бир эле убакта тапшырып, экөөнө тең өтүп кеттим. Бирок БААУда окуйм деп чечкем. 

Жазында, апрель айы болуш керек эле, чоң атам ММЭМИде окууга КРге квота берилгенин айтып, "Ошол жакка тапшырып көрбөйсүңбү?" деп калды.

Мен БААУга өтүп кеткендиктен, жоготор эч нерсем жок болчу. Ошон үчүн өзүмдү дагы сынап көрөйүн дедим. 

Документтеримди тапшыргандан кийин ММЭМИге экзамен тапшыруу күндөрү мектептеги бүтөрүү сынактарына туш келип калганын билдим. Ошон үчүн Ош менен Бишкектин ортосунда ары-бери чаап жүрүүгө туура келди. Экзамендердин жыйынтыктары боюнча мен өтүп кеттим, ал эми ММЭМИде мени негизги сынактар күтүп турган. Бул жакка өткөндөн кийин кичине баладай сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. 

— Эмнеге чет тили катары грек тилин тандагансыз? Аны үйрөнүү кыйын бекен? 

— Чынында муну мага чейин эле биздин ТИМ тандаган. ММЭМИге өтөрүм менен биздин деканаттан  хинди, пушту, поляк, монгол жана грек тили сунушталат, ушул беш тилдин бирин тандагыла деди. 

Эгер Индияда биздин элчилик бар экенин мурдараак билгенимде, хинди тилин тандамакмын. Бирок, кыязы, мен үчүн тагдыр чечип койгон окшойт, себеби мен "Олимп" мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсүмүн да.

Грек тили бир топ эле татаал тил. Эки жылда аны эркин сүйлөгүдөй өздөштүрдүм деп айта албайм. Мыкты натыйжага жетиш үчүн көп жыл керек деп ойлойм. Бирок мен аракет кылып жатам жана мугалимдеримдин аркасы менен атактуу философтор менен Олимп кудайларынын тилин өздөштүрүүнү улантып жатам. Аларга чоң ырахмат!

— Сиз Москвада окуп жатпайсызбы, ошон үчүн чынында мигрант болуп эсептелсиз. Сиздин көз карашыңызда, Россияда азыр эмгек мигранттарынын абалы кандай?

— Менин билишимче, миграциялык тартип өтө катуулады. Ошонун себебинен эмгек мигранттарынын саны айрыкча Кыргызстандан бир топ кыскарды. Албетте, алардын кетиши рублдун убактылуу төмөндөшүнө да байланышкан. Бирок республика ЕАЭБга кошулгандан кийин кырдаал бир топ жакшырат деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0