Данил Ибраев ЕАЭКтин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДанил Ибраев ЕАЭКтин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалды
Данил Ибраев ЕАЭКтин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данил Ибраев 2015-жылдын 8-апрелинде премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган болчу.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Данил Ибраев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясына мүчө болуп дайындалганын КРдин Экономика министрлигинин маалымат катчысы Махабат Мамытова билдирди.

"Экономика министринин мурдагы орун басары Данил Ибраев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясына мүчө болду", — деди ал.

ЕАЭКтин коллегиясынын негизги тапшырмасы ЕАЭБдин өнүгүүсүнө жана иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү, интеграциянын андан аркы өнүгүшүнө сунуштарды иштеп чыгуу экенин маалымат кызматтан белгилешти.

Данил Ибраев 2015-жылдын 8-апрелинде премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0