Ольга Ловрова: менин ордума татыктуу киши келет деп ишенем

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОльга Лаврова президент Атамбаев менен жолугууда. Архив
Ольга Лаврова президент Атамбаев менен жолугууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-каржы министри өзүнүн ордуна ким келерин билбей турганын, бирок өкмөт татыктуу кишини тандайт деп ишенерин билдирди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Отставкага кеткен министр Лаврова өз ордуна татыктуу киши тандалат деп ишенерин маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Ольга Лаврованын кызматтан кетүү жөнүндө жазган арызын бүгүн канааттандырды.

"Азыр менин ордума ким келерин билбейм. Бийлик Каржы министрлигинин жетекчилигине татыктуу кишини тандайт деп ишенем", — деди ал.

Экс-каржы министри отставкага кетүү чечими тийиштүү кишилер менен сүйлөшүлгөнүн жана кызматтан кетүү өзүнүн чечими экенин кошумчалады. Ошондой эле "Ар-Намыс" фракциясы буга чейин эле каржы министрин алмаштыруу боюнча маселени карап келгенин айткан экс-министр, кызматтан бүгүн кетиши фракция мүчөлөрү үчүн күтүүсүз болушу ыктымалдыгын да айтты.

"Каржы министрин алмаштыруу маселеси фракцияда буга чейин эле каралып келген. Бирок менин кызматтан бүгүн кетип жатканым фракция үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн", — деди ал.

Көпчүлүк коалициялык макулдашууга ылайык, Каржы министрлиги "Ар-Намыс" фракциясына бөлүнгөн.

Ольга Лаврова аталган министрлигин 2012-жылдын сентябрынан тартып башкарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0