Ольга Лаврова: кызматтан кетишиме саясый негиз болгон жок

Жазылуу
Экс-каржы министр кызматка келип жатканда анын алдына өлкө бюджетин турукташтыруу тапшырмасы коюлгандыгын жана ал өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара алганын билдирди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова ээлеген кызматынан өз эрки менен кетип жатканын маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Ольга Лаврованын кызматтан кетүү жөнүндө жазган арызын бүгүн канааттандырды.

Экс-каржы министри Лаврова өз ишинен кетүү чечимин ойлонуп туруп кабыл алганын айтат.

"Менин отставкага кетүүмө эч кандай басым да, саясый негиз да болгон жок. Бул кадамга мен ойлонуп туруп бардым", — деди ал.

Экс-министр ошондой эле аны бул кызматка өлкө бюджетин турукташтырууга жардам бер деп чакырганын белгиледи.

"Кызматка келип жатканда мага өлкө бюджетин турукташтыруу тапшырмасы берилген. Мен алдыма койгон милдетимди аткара алдым", — дейт экс-министр.

Лаврова ага "Газпромдон" жумуш сунушталбагынын айтып, Кыргызстанда эле кала турганын баса белгиледи. Бирок учурда ага башка кызматтар сунушталып жатканын четке каккан жок.

"Мага башка сунуштар болду. Аны ойлоном", — деди Лаврова.

Каржы министрлигин жетектөө моралдык жактан да, иштөө жагынан да оор экенин айтты. Ал эртең мененки саат 9-00дөн кечки саат тогузга чейин, кээде андан да кеч жумушта кармаларып иштегенин кошумчалап,  ал үчүн ишемби да жумушчу күн болгонун белгиледи.

Лаврова Каржы министрлигин 2012-жылдын сентябрынан тарта башкарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0