Кулов Лаврованын отставкасы боюнча: билбеген нерсеме комментарий бере албайм

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов. Архивное фото
Ар-Намыс фракциясынын лидери Феликс Кулов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министри Ольга Лаврова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. КРдин Каржы министри Ольга Лаврова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Ольга Лаврова Каржы министрлигин 2012-жылдан тартып башкарып келген. Коалициялык көпчүлүктөгү квота боюнча бул министрлик "Ар-Намыс" фракциясына бөлүнгөн.

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов Лаврованын кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча маалыматты интернет булактарынан окуган.

"Азыр эч нерсе деп айта албайм. Себеби такталбаган нерсеге комментарий берүү туура эмес", — деди ал.

Өкмөттүн жана президенттин аппаратынан бул маалыматты азырынча такташкан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0