Кылычбек Шакиров "Кыргызалтынды" убактылуу жетектейт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архивное фото
Портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Токон Мамытовдун ордун Кылычбек Шакиров убактылуу ээлейт.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКтын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров компанияны 15-майга чейин жетектей турганын Sputnik сайтына компаниядан маалымдашты.

Кыргызалтынтын төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызалтындын" төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти
Токон Мамытов премьер-министр менен кээ бир маселелерде пикири келишпегендиктен кызматтан кетип жатканын билдирген.

15-майда акционерлердин кеңеши жаңы жетекчини шайлаганга чейин Шакиров "Кыргызалтындын" төрагасынын милдетин убактылуу аткарат. 

Бейшемби күнү өкмөт Кумтөр маселеси боюнча өзүнүн чечимин парламентке алып келген. Өкмөт башчы Оторбаев биргелешкен ишкана түзүүдөн жана улутташтыруудан баш тартып, Кумтөр долбоорун эч өзгөртүүсүз калтырууну сунуштап жатат.

Жогорку Кеңеш 7-апрелдеги жыйынында КР өкмөттүн "Кумтөр" долбоору боюнча жүргүзгөн ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0