"Кыргызалтындын" төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кыргызалтынтын" төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти
Кыргызалтынтын төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын кызматтан кетишине премьер-министр менен Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине сунушталган талапкерлер боюнча пикир келишпестиги себеп болгон.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКтын төрагасы Токон Мамытов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңеши боюнча пикир келишпестиги кызматтан кетишине себеп болгон.

"Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине сунушталып жаткан кишилердин тизмеси менен мен макул эмесин. Кыргызстандын кызыкчылыгын өлкөнүн өз жарандары коргош керек", — дейт Мамытов.

Өкмөт: КРдин пайдасы үчүн Центерранын директорлор кеңешин алмаштыруу керек
Ал өкмөт башчы менен пикирлери карама-каршы келип аткандыктан мындан ары "Кыргызалтында" иштөө маанисиз экенин кошумчалады.

Бейшемби күнү өкмөт Кумтөр маселеси боюнча өзүнүн чечимин парламентке алып келген. Өкмөт башчы Оторбаев биргелешкен ишкана түзүүдөн жана улутташтыруудан баш тартып, Кумтөр долбоорун эч өзгөртүүсүз калтырууну сунуштап жатат.

Премьер-министр Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине төмөндөгү кишилердин талапкерлигин сунуштап жатат.

 

  • Лорд Кланвильям (Великобритания)
  • Мартин Грехэм (Великобритания)
  • Боб Букан (Канада)
  • Питер Холодный (США)
  • Павел Скитович (США)
  • Дияр Канашев (Казахстан)
  • Мария Черновалова (Канада).

 

Жаңылыктар түрмөгү
0