Аксы менен апрель окуяларынын катышуучуларынын жөлөк пулу теңештирилди

© Пресс-служба президента КРАксы менен апрель окуяларынын катышуучуларынын жөлөкпулу теңештирилди
Аксы менен апрель окуяларынын катышуучуларынын жөлөкпулу теңештирилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аксы окуясынын катышуучуларынын социалдык жөлөк пулу 1-майдан тарта 1 миң 585 сомго чейин жогорулайт.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Аксы окуясынын катышуучуларынын социалдык жөлөк пулу 1-майдан тарта 1 миң 585 сомго чейин жогорулай турганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Аксы окуясынын катышуучуларынын жөлөк пулу Апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөнүүчүммамлекеттик колдоо көрсөтүү каражаттарына теңештирүү каралган КР мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу милдети тапшырылды.

Учурда Аксы окуялары боюнча 31 адам социалдык төлөм алат. Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пулдун көлөмү айына 2115 сомду түзөт. Ал эми кошумча социалдык жөлөк пул дайындалганда анын көлөмү айына 3700 сомго жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0