Атамбаев Брюсселде ханзаада Ага Хан IV менен жолукту

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде жолугушуу үчүн Парижден атайын келген ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолукту деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Нарындагы Борбор Азия университети 2016-жылы ачылат
Жолугушуу учурунда Ага Хандын Өнүктүрүү түйүндөрү менен учурдагы алака-катнаш жана кызматташуунун келечеги талкууланды. Андан сырткары бир катар тармактардагы бирдиктүү долбоорлор туурасында сөз жүрдү.

2014-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстанга иш сапар менен келип, президент, өкмөт башчысы жана ЖК төрагасы менен жолуккан.

Ал Нарындагы курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулуш иштери менен таанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0