Атамбаев жана Туск Борбор Азиядагы диний абал туурасында сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу учурунда, Кыргызстанда жакынкы убакыттарда болуучу шайлоолордун жүрүшүн жана Борбор Азиядагы диний абалды талкуулашты.
Президент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу учурунда, Кыргызстанда жакынкы убакыттарда болуучу шайлоолордун жүрүшүн жана Борбор Азиядагы диний абалды талкуулашты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу учурунда, Кыргызстанда жакынкы убакыттарда болуучу шайлоолордун жүрүшүн жана Борбор Азиядагы диний абалды талкуулашты.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев менен Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жолугушуу учурунда КР жана Борбор Азия регионунда коомдук-саясый кырдаалдын өнүгүүсүнө, анын ичинде диний чөйрөгө көңүл бурушту.

Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 27-мартында Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Бельгия Королдугуна жана Европа биримдигинин институттарына жасаган иш сапарынын алкагында жолукту. 

Атамбаев: Европа Биримдиги менен Россиянын позицияларын жакындатууга мүмкүн болду
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташуу маселелери, демократияны мындан ары бекемдөө боюнча пландар талкууланып, ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Атамбаев менен Европа кеңешинин төрагасы Туск Кыргызстанда жана Борбор Азия регионунда коомдук-саясый кырдаалдын өнүгүүсүнө, анын ичинде диний чөйрөгө көңүл бурушту.

Алар парламенттик демократияны түзүүдө жана коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстан натыйжалуу саясат жүргүзүп жаткандыгы боюнча бирдей пикир билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза жана ачык-айкын уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0