РФ, Казакстан жана Белорусь президенттери Украинадагы абалды талкуулайт

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Астана
Города мира. Астана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев жана Александр Лукашенко ошондой эле үч өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык абалын жана өнүгүү келечегин, евразиялык интеграциялык процесстерди учурдагы өрчүү кырдаалдардын таасиринин алкагында талкуулашат.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Жума күнү Астанада Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстан менен Белоруссиянын башчылары Украинадагы абалды жана дүйнөлүк экономикадагы өрчүү багыттарын талкуулаганы жолугат, деп билдирет РИА Новости.

Кремлдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар үч өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык абалын жана өнүгүү келечегин, евразиялык интеграциялык процесстерди дүйнөлүк экономиканын учурдагы өрчүү багыттарынын таасирин эске алуу менен талкуулашат. 

Ошондой эле эл аралык көйгөйлүү маселелер боюнча жана биринчи кезекте Украинадагы абал боюнча пикир алмашуулар болотдеп күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Владимир Путиндин белорус жана казак кесиптештери Александр Лукашенко жана Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу өтөт.

Украина маселеси

Үч тараптуу жолугушуунун алдында Лукашенко менен кезиккенден кийин Назарбаев Украина боюнча Казакстандын жана Белоруссиянын көз караштары бирдей экендигин билдирген. "Учурдагы тирешүүчүлүк эч кимге пайда алып келбей тургандыгы боюнча биздин пикирлерибиз толук төп келет", — деди Назарбаев.

Мурдараак Лукашенко да, Назарбаев да Украинадагы абалдын жөнгө салынышын колдоп чыккан эле. Ошондой эле Минск украин каатчылыгын жөнгө салууда ортомчулук милдетин өзүнө алган болчу. Февраль айында Минскте "Нормандия төртилигинин" жолугушуусу болуп, анын натыйжасында жаңы макулдашууларга кол коюлган.

Ошону менен катар жөнгө салуу боюнча байланыштыргыч топ Донбасста курчтукту жеңилдетүүгө мүмкүндүк бере турган документтин үстүндө да иштеген. Анын жыйынтыгында Минск макулдашууларын аткаруу боюнча бир катар иш-чаралар иштелип чыгып, анын ичинде Донбасста ок атууларды 15-февралдан баштап токтотуу, оор куралдарды алыстатуу жана коопсуздук тилкесин түзүү каралган болчу.

Шейшембиде украин парламенти Донбасста Украинанын мыйзамдары боюнча шайлоо өткөргөнгө чейин өз алдынча башкаруунун бтөнчө тартибин киргизүүнү кийинкиге жылдырды. Ошондой эле Рада өзгөчө статус жөнүндө мыйзам күчкө ээ боло турган райондордун тизмесин бекитип, мындан тышкары, Донецк жана Луганск областтарынын айрым жерлерин убактылуу басып алынган деп таанууну колдоп добуш берди. Бул мыйзам, Россия президентинин маалымат катчысынын пикиринде, Минск макулдашууларын аткарууну бир кадам артка жылдырды. 

Белоруссия менен кенен кызматташтык

Эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү 2014-жылы 37,6 миллиард долларды түздү. Россиянын Белоруссияга экспортунда энергия ресурстары менен чийки зат түрүндөгү товарлар басымдуулук кылат. Ал эми Белоруссиядан машина куруу өндүрүмдөрү, жабдуулар жана азык-түлүк товарлары баарынан көп алып келинет. Россиянын энергия алып жүрүүчү товарлары Белоруссияга жеңилдетилген шартта келиши чоң мааниге ээ. Бул тууралуу союздук мамлекеттин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында макулдашылган.

Эки тараптуу байланыштарда жылуулук-энергетика тармагындагы кызматташтык маселелери бөтөнчө орунду ээлейт. Белоруссияга мунай жана газ берүүчү негизги мамлекет болуп Россия эсептелет, 2014-2015-жылдары 23 миллион тоннадан кем эмес мунай жана 21 миллиар кубометр газ сатылган.

Биргелешкен инвестициялык долбоорлорго бөтөнчө көңүл бурулуп, алардын эң ириси болуп эки блоктуу Белорусь АЭСин куруу эсептелет. Биринчи блогун 2018-жылы, экинчисин болсо 2020-жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Мындан сырткары, өнөр жайында, анын ичинде айыл чарба машиналарын куруу тармагында бир катар жаңы долбоорлор иштелип жатат.

Россия мменен Белоруссия Жерге зонд жүргүзүү боюнча биргелешкен система түзүү боюнча космос тармагында да кызматташып келет. Аталган система Россиянын ГЛОНАСС новигациялык системасын Белоруссия пайдалана алгыдай жер үстүндөгү жана космостук инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда мамлекеттер аралык экономикалык, коргонуу, социалдык кызматташуу программалары жана долбоорлору да ишке ашырылып жатат.

Казакстан менен атомдук байланыштар 

Казакстан мурдагыдай эле Россиянын негизги тышкы соода өнөктөштөрүнүн катарында. 2014-жылы Россиянын Казакстанга сатууга койгон товарлардын башкы үлүшүн машина, жабдуу, унаа, минералдык өндүрүмдөр, металл, химия өнөр жайынын өндүрүмдөрү, азык-түлүк жана айыл чарба чийки заттары түздү. 

Өлкөлөрдүн жылуулук-энергетика тармагындагы өз ара аракеттешүүсү да ири көлөмдө жүрөт. Казакстандын мунайзаты негизинен Россиянын жери аркылуу сырткы рынкторго ташылып өтөт.

Өлкөлөр атомдук энергетика тармагында да кызматташат. Россиянын технологияларын колдонуу менен Казакстанда АЭС куруу планда турат. Ал Курчатов шаарында курулат деп алдын ала болжолду. Учурда тийиштүү долбоорду макулдаштыруу иштери аяктаганы турат. 

Россиянын ишканалары Казакстандын экономикасына активдүү акча салымдарын кошуп, эң ири инвесторлор болуп "Росатом" мамлекеттик корпорация, "Роснефть" ААК, ВТБ банкы, ВЭБ банкы, "Северсталь" ААК эсептелет. 2015-жылдын январына карата маалымат боюнча, Казакстанда россиялык капиталдын катышуусунда 5,6 миңен ашуун ишкана иштейт.

Ошондой эле эки өлкө космос тармагында да узак убакыттан бери кызматташып келет. Россия Казакстандагы "Байконур" комплексин ижарага пайдаланат. Космодромдо кызматташуунун алкагында Казакстандын "Байтерек" космостук ракета комплекси түзүлүүдө.

Россия, Казакстан жана Белорусь өлкөлөрүнүн өз ара аракеттешүүлөрү ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу мамлекеттер аралык бирикмелердин алкагында да жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0